Дагы 12 киши коронавирусту жеңип чыкты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүУлуттук медициналык изилдөө борборунда бейтап менен дарыгер. Архив
Улуттук медициналык изилдөө борборунда бейтап менен дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сакайып, ооруканадан үйүнө жиберилгендердин сегизи Бишкектин, төртөө Нарындын тургундары экени айтылды.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Акыркы суткада коронавирустан 12 бейтап сакайып чыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Алардын сегизи Бишкектин, төртөө Нарындын тургундары”, — деди Үсөнбаев. 

Айыгып үйүнө чыгарылгандардын саны бүгүнкү күндө 910 болду.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0