Кайсы азыктар адамды тез карытат? Тизме

© AFP / SAUL LOEB Киши картошка фри менен. Архив
Киши картошка фри менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын айтымында, айрым азык-түлүктөр организмдин каруу процессин тездетет. Анткени алардын курамында витаминдер менен клетчаткалар өтө аз.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Тамактын курамында кайра иштетилген азыктар канчалык көп болсо, ал ошончолук клеткаларды бат карытат. Бул тууралуу La Vanguardia басылмасына таянып РИА Новости жазды.

"Шекер кошулган нан, газдалган суусундук, торт, чипсы, жарым фабрикаттар жана аларга кошулган эт — кайра иштетилген тамак-аштын сап башында турат. Булардын курамында кант, туз, боёк, даам күчөткүчтөр жана май өтө көп. Ал эми витамин менен клетчатка жокко эсе", — дейт Испаниядагы Наварра университетинин окумуштуулары.

Бул азыктар организмдин ансыз дагы жылдардын өтүшү менен карый турган процессин тездетери айтылат.

Муну аныктоо үчүн окумуштуулар 57-90 жаштагы 886 ыктыярчыны илиздеп көрүшкөн. Жыйынтыгында кайра иштетилген азыктарды күн сайын жегендер өзү теңдүүлөрдөн алда канча кары көрүнөрү аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0