Аттестат качан берилип, ЖОЖдор кантип кабыл алат? Бүтүрүүчүнүн 8 суроосуна жооп

© SputnikКыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүсүнүн орто билими тууралуу күбөлүк. Архив
Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүсүнүн орто билими тууралуу күбөлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу жылы соңуна чыгып, бүтүрүүчү класстар онлайн түрүндө текшерүү иштерин жазып, акыркы коңгуроосу да онлайн өтмөй болду. Ал тургай мамлекеттик экзаменди тапшырбай калышты. Айтор, коронавирустан улам баары адаттагыдан башкача.

Мындан улам бүтүрүүчү класстардын жана алардын ата-энелеринин түшүнбөгөн суроолору көп экен. Аларды Sputnik Кыргызстан агенттиги топтоп, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековадан жооп алууга аракет кылды.

Мамлекеттик экзамен болбой калды. Предметтик комиссия бүтүрүүчүнү кантип баалайт?

Ар бир мектепте жетекчинин буйругу менен предметтик комиссиялар түзүлөт. Алар класс жетекчи жана ошол сабактан берген мугалимдин жардамы менен бүтүрүүчү класстын окуучусунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыгын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коюшат. Эгер бала "4" же "5" деген баанын ортосунда болуп калса, анда комиссия мүчөлөрү ал окуучу менен онлайн түрүндө сүйлөшөт, бирок экзамен албайт.

Экзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖРТ боюнча суроо барбы? Министрлик ыкчам байланыш номерин жарыялады
Мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин жүрөт. Бул убакыт аралыгында мектеп бүтүрүүчүлөрү "экзаменден бошодум" деп баарын таштап салбай, класс жетекчиси менен байланышта болуп турушу керек. Ар бир предметтик экзамендин жыйынтыгы чыккан сайын комиссия аны класс жетекчисине жиберип турат. Эгер окуучу же алардын ата-энелери (же аларды алмаштыруучу жактар) жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага макул эмес болсо, талаш-тартыш комиссиясына арыз жаза алат. Арызды WhatsApp аркылуу класс жетекчисине, мектептин сайтына, электрондук дарекке жиберсе болот. Комиссия аны карап чыгат да. бүтүрүүчү менен байланышып анын оюн угат. Эгер окуучунун аргументтери далилдүү болсо, комиссия бааны өзгөртөт. Далилдүү болбой калса, ошол баа калат.

Аттестаттарды качан, кайдан, кантип алса болот?

Аттестат, күбөлүктөр 18-20-июнда берилет. Эгер бул датага чейин өлкөдө абал туруктуу болуп, тиешелүү органдар уруксат берсе, аттестаттар бүтүрүүчүлөргө салтанаттуу түрдө тапшырылат. Абал жөнгө салынбаса, ар бир окуучу мектеп берген график боюнча ата-энелери менен эки-үчтөн барып мектептен алып кетишет. 20-июнга чейин аттестат, күбөлүктөр бардык бүтүрүүчүлөрдүн колунда болуп калуусу шарт.

ЖРТ качан башталып, качан бүтөт?

Тестирлөөнүн биринчи этабы 21-22-июнда, экинчиси 24-25-июнь күндөрү өтөт. Жыйынтыгы июль айынын ортосуна чейин чыгарылат. Тагыраагы, 13-июлдан 19-июлга чейин бүтүрүүчүлөр ЖРТнын жыйынтыгын угушат. Талондорун мектепке барып алып кетишет.

ЖРТга бүтүрүүчүлөрдү атайын транспорттор алып барабы?

Коомдук транспорт иштей баштаса, атайын транспорт уюштуруунун кажети жок. Бирок окуучулар аларга түшөрдө санитардык нормаларды аткаруусу керек. Мүмкүнчүлүгү бар ата-энелер жеке автоунаасы менен ташыса болот. Аймактарда азыртадан жергиликтүү бийлик менен алыста жашаган бүтүрүүчүлөр үчүн транспорт уюштуруу маселеси сүйлөшүлүп жатат.

ЖОЖдор да талонду онлайн кабыл алабы?

Бишкектеги мектептердин бүтүрүүчүлөрү Акыркы коңгуроо майрамдашты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда быйыл канча бала мектепти аяктаары айтылды
Абитуриенттер ЖОЖдорго талонду онлайн түрүндө салуусу үчүн шарт түзүлүп жатат. Электрондук форматта талон салуу программасы иштелип чыкты. Азыркы тапта адистер аны сынап көрүп жатышат. Бирок онлайн талон салуунун шарт-талабы кийинчерээк жарыяланат. Анткени абитуриенттер ага алаксып калбашы керек. Текшерүү иштерин тапшырып алгандан кийин, июнь айында жогорку окуу жайларга электрондук түрдө талон салуунун жол-жобосунун видеосу теле, сайттар аркылуу көрсөтүлөт.

Бүтүрүү кечеси өтөбү?

Бардыгы кырдаалга жараша болот. Бирок министрлик буга чейин деле бүтүрүү кечесине сунуш берчү эмес. Эгер абал жакшырып калса, аттестаттар салтанаттуу түрдө тапшырылышы ыктымал.

Китептерди кайсы мөөнөткө чейин өткөрсө болот?

Азырынча окуу жылы бүтө элек. Андан кийин мамлекеттик аттестация бар. Мындан улам 2-13-июнга чейин бүтүрүүчүлөр китептерин тапшырбай коё турса болот. Бирок 9-класстын бүтүп кетип жаткан окуучулары жана 11-класстын абитуриенттери июндун аягына чейин китептерин толук мектепке өткөрүп бериши зарыл. Аттестаттарын аларда деле тапшырып кетсе болот.

Паспортторун кантип алышат?

Каттоо кызматынын мобилдик топтору анкета толтуруу үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен кеңешип, айыл өкмөт, мектептерге барышат. Алар алдын ала түзүлгөн тизме жана график боюнча санитардык талаптардын баарын сактап, бүтүрүүчүлөр менен жолугушууда. Документ даяр болгон соң аны окуучулар жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборлорунан ала алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0