Ат-Башыда абал турукташып, дарыгерлери Ак-Талаа менен Нарынга жардам берүүдө

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАптечное производство лекарственных препаратов в Новосибирске
Аптечное производство лекарственных препаратов в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат-Башыда 9-майдан бери оорулуулардын саны азайгандыктан, ал жактын реаниматолог, инфекционист, терапевттери башка аймактарга  жардам берип жатышат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Нарындын Ат-Башы районунда коронавируска чалдыккандар азайып, абал турукташканын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда вирусту жуктуруп алгандардын саны 194кө жетти. Анын ичинде Нарын шаарында 86, Ат-Башыда 77 учур, Жумгалда 14, Нарын районунда төрт учур катталса, вирус жаңы чыккан Ак-Талаа районунда оорулуулардын саны 10ду түзөт.

"Ат-Башыда абал туруктуу, ал жакка өзүм барып дарыгерлер менен сүйлөштүм. Райондо 9-майдан бери оорулуулардын саны өскөн жок, 77 бойдон турат. Нарын шаарында жана Ак-Талаада вируска чалдыккандар көбөйүүдө. Нарында азыр беш мобилдик топ иш алып барып жатат. Ал жакта мекемелер көп болгондуктан, көрсөтмө боюнча кызматкерлерден тест алынып, эпидемиологиялык изилдөөлөр күчөтүлдү. Эпидемиологдорду Ак-Талаага дагы жөнөтөлү деп турабыз. Ал эми Ат-Башынын реаниматолог, инфекционист, терапевттерин жардамдашкыла дегенбиз, алар азыр жер-жерлерде иштеп жатат", — деди Каратаев.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

Кайгуул милициянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында 8 милиция кызматкеринен коронавирус чыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0