"Дордой" баштаган ири базарлар ишке кирет. 25-майдан тарта жанданчу тармактар

Жазылуу
Мындан сырткары, 50 орундан ашпаган коомдук тамактануу жайлары, театр, музей, китепкана сыяктуу маданий агартуу жайларынын иши да бул күндөрү жанданат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 25-майдан тарта иштей баштачу ишкана, мекемелерди брифинг учурунда тизмектеди.

Анын айтымында, 25-майда өлкөдөгү ири базарлар, анын ичинде "Дордой", "Орто-Сай", "Ош", "Кара-Суу" базарлары иштей баштайт. Мындан сырткары, 50 орундан ашпаган коомдук тамактануу жайлары, театр, музей, китепкана сыяктуу маданий агартуу жайларынын иши да бул күндөрү жанданат.

Шаар ичиндеги коомдук транспорт да 25-майдан тарта эл ташый баштайт.

Мында ишин жанданткан мекеме-уюмдарда талаптардын сакталышы текшерилип турмакчы.

21 жана 25-майда иштей турган тармактардын тизмесине кирбей калгандардын ишмердүүлүгүн 1-июндан баштап жандандыруу каралууда.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

Соода борборудндагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
21-майдан тарта иштей баштачу тармактар. Тизме
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0