Боронов сырттан келгендерге кайрылып, медиктердин талабын аткарууну өтүндү

© Фото / пресс-служба правительства КРБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт өкүлү кечээ Сол-Илецкиден келгендердин арасында медиктерге баш ийбегендер болгонун белгилеп, алардын нааразычылыгына карап эмес, алгоритмге жараша үй карантинине чыгарылганын айтты.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов сырттан келген мекендештерди медицина кызматкерлеринин талабын так аткарып, чыдамкайлык менен мамиле кылышын өтүндү. Бул тууралуу ал онлайн-маалымат жыйын учурунда билдирди.

Биринчи вице-премьердин айтымында, 17-апрелден 17-майга чейин, тагыраагы, акыркы бир айдын ичинде жалпысынан 17 авиарейс менен 3 500 жаран өлкөгө алып келинди. Алардын 124үнөн вирус аныкталган. Ал эми Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 541 кишинин 104ү оору жуктурганы белгилүү болгон.

"Акыркы учурда сырттан келгендерден көп чыгып жатат. Учурдан пайдаланып аларга кайрылып кетким келет, силерди өлкөгө алып келүү боюнча иштер тынымсыз улантылып жатат. Ошондуктан түшүнүү менен, сабырдуулук менен кабыл алсаңыздар. Өлкөгө келгенден кийин Республикалык штабдын жана медицина кызматкерлеринин сунушу менен түзүлгөн алгоритм боюнча обсервациядан өтүү зарыл. Анан мөөнөтү сырттан келген жарандардын акыбалына, анализдин жыйынтыгына жараша болуп жатат. Ошондуктан медицина кызматкерлеринин талабын так аткарып, чыдамкайлык менен мамиле кылышыңыздарды суранабыз. Кечээ Соль-Илецкиден келгендердин арасында медиктерге баш ийбегендер болду. Бирок биз алардын нааразычылыгына эмес, алгоритмге жараша үй карантинине чыгардык", — деди Боронов.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

Центр крови имени О.К. Гаврилова принимает донорскую плазму COVREC - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: "Семетейде" нааразы болгондордун 421инин анализи таза чыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0