Коомдук транспорттун 21-майдан тарта жүрөрү күмөн

© Sputnik / Табылды КадырбековГаз менен иштеген коомдук автобустар. Архив
Газ менен иштеген коомдук автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада коомдук транспорт 22-мартта коронавирус пандемиясынын улам башка тармактар сыяктуу эле ишин токтоткон.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Мурда айтылгандай, Бишкек шаарында коомдук транспорт 21-майдан тарта жүрбөй калышы мүмкүн, тагыраагы, ыкчам штабдын жетекчиси аларды жүргүзбөй кое турууну сунуштады. Бул туурасында ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Чаргынов шаардык кеңештин жыйынында айтты.

Ал автобус, троллейбустун качан жүрөрүн болжолдуу түрдө да айта албастыгын билдирген.

Борбор калаада коомдук транспорт 22-мартта коронавирус пандемиясынын улам токтотулган.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чуу салса эле обсервациядан чыгабы? "Гансидеги" жаңжал боюнча Үсөнбаевдин жообу
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0