Бишкекте орозо учурунда ооз ачыруу уюштуруп келген чайкана аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЧайник чай жана каттама кафеде. Архив
Чайник чай жана каттама кафеде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чайкананын ээсине борбор калаага киргизилген карантин талаптарын бузганы үчүн айып пул салынды.

БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Бишкектин Асаналиев көчөсүндө жайгашкан чайкананын Рамазан айында ооз ачыруу уюштуруп келгени аныкталды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Муниципалитеттин кызматкерлери карантин учурунда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган объектилерди текшерип жатышат. Буга көңүл ачуучу жана тамактануу жайлары кирет.

"Кечээ текшере келгенде чайкананын кабиналарында эл толтура экени, персонал толук иштеп жатканы аныкталды. Ал эми аталган жайдын ээси ооз ачуу жакындар үчүн уюштурулганын билдирди", — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин ("Ыйгарым укуктуу органдын талаптарын, чечимдерин аткарууда тартип бузуу") негизинде протокол түзүлгөн. Ага ылайык, жеке тараптарга 3 000, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул каралган.

Муниципалитеттен чайкана ээси тартип бузганын моюндады деп айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0