Жээнбеков ЖЕЭКтин видео жыйынына катышат. Талкууланчу маселелер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков ЖЕЭК видеоконференция форматындагы жыйынына катышып жатат. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков ЖЕЭК видеоконференция форматындагы жыйынына катышып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкө башчысы катары Молдованын президенти Игорь Додон катышары айтылды.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы жыйынына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызмат билдирди.

Видео аркылуу жыйын бүгүн, 19-майда, өтмөкчү.

"Жыйында Евразия интеграциясын тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери, аны жакынкы жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жана башка маселелер каралат", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, ЖЕЭКке Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян мүчө.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкө башчысы катары Молдованын президенти Игорь Додон катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0