Ооруканаларда коронавирустан дарыланып жаткан 38 медик бар

© Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүОоруканада медиктер. Архив
Ооруканада медиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча COVID-19 диагнозу 257 ак халатчанга коюлуп, анын эки жүздөн ашууну ооруну жеңе алды. Ошондой эле бир медик каза болгону маалым.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде эки медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Ал эми стационарлардан жети медик сакайып чыкканын брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча COVID-19 диагнозу 257 ак халатчанга коюлуп, бир медиктин каза болгону маалым. Анын 219си айыгып чыккан. Учурда ооруканада 38 медик калды.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

Ооруканад бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир күндө Кыргызстанда 71 адам коронавирустан айыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0