COVID: 12 кишинин абалы оор, бешөө реанимацияда

© AFP / THOMAS COEXМедайымы жана дарыгер бейтап менен ооруканада. Архив
Медайымы жана дарыгер бейтап менен ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда стационарда жалпысынан 331 бейтап дарыланууда. Ал эми сакайып чыккандардын жалпы саны акыркы суткада 898ге жетти.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алып ооруканага түшкөндөрдүн арасындагы 12 кишинин абалы оор. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда стационарда жалпысынан 331 бейтап дарыланууда.

“Абалы оор деп бааланган 12 кишинин ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө. 50 байтаптын абалы орточо оор, 269 адамдыкы канааттандырарлык”, — деди Үсөнбаев.

Ал эми сакайып чыккандардын жалпы саны акыркы суткада 898ге жетти.

Өлкөдө ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0