Бир күндө Кыргызстанда 71 адам коронавирустан айыкты

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканад бейтаптар. Архив
Ооруканад бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болуп, анын ичинен 898и айыгып чыкты.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 71 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын ичинде Бишкек шаарынан 55, Жалал-Абад облусунан 11, Нарын облусунан эки, Баткен облусунан үч адам ооруканадан чыгарылды.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

Улуттук медициналык изилдөө борборунун дарыгери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө 27 адам коронавируска кабылды. Соңку маалымат
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0