Ирандан Кыргызстандын беш жаранын жана гуманитардык жүк алып келишти

© Sputnik / Табылды КадырбековДоставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве
Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гуманитардык жардамдын ичинде медициналык коргонуу каражаттары (бет кап, кол кап, костюм жана көз айнек) менен дары-дармек болгон.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ирандан Бишкекке Кыргызстандын беш жараны жана алар менен кошо гуманитардык жүк келип түштү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Чартердик каттам Мешхед шаарынан жиберилген. Ал эл аралык "Манас" аэропортунан тапшырылды.

Гуманитардык жардамдын ичинде медициналык коргонуу каражаттары (бет кап, кол кап, костюм жана көз айнек) менен дары-дармек болгон.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.

Медициналык кызматкерлер кишилерди өткөзүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Обсервацияга жатпай, үйүнө кетишти. "Гансидеги" жаңжалдын видео хронологиясы
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0