Журналист Улукбү Амирова каза болду

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүВсероссийская патриотическая акция "Бескозырка"
Всероссийская патриотическая акция Бескозырка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун артында эки кыз, бир уулу калды. Анын сөөгү эртең саат 16:00дө Баткен районунун Кара-Булак айылында жерге берилет.

ОШ, 18-май – Sputnik. Баткен шаарындагы "Салам" радиосунун директору, журналист Улукбү Амирова бүгүн, 18-май күнү, каза болду. Маалыматты жакындары тастыктады.

Маркум 42 жашта болгон. Ал 1977-жылы Баткен районунун Кара-Булак айылында төрөлгөн.

Баткен шаардык кеңешинин депутаты жана мындан сырткары жеке ишкерлик менен да алектенип келген.

Артында бир уул, эки кызы калды.

Амирова кечээ, 17-май күнү, кан басымы көтөрүлүп, облустук ооруканага жаткырылган.

Анын сөөгү эртең саат 16:00дө Баткен районунун Кара-Булак айылында жерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0