Путин Россиядагы мусулмандарды Орозо айтты үйдөн белгилөөгө чакырды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин Дагестан коомчулуктун өкүлдөрү менен видео конференция өткөрдү. 18-май, 2020-жыл.
Россиянын президенти Владимир Путин Дагестан коомчулуктун өкүлдөрү менен видео конференция өткөрдү. 18-май, 2020-жыл.  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Дагестанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 3 460 адамга жетип, алар Россия боюнча ооруну жуктурган аймактардын тизмесинде 5-сапка чыкты.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин мусулмандарды муфтийлердин айтканын угуп, Орозо айтты көп киши болуп чогулбай, үйдөн тосууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Дүйшөмбү күнү президент видеобайланышка чыгып, Дагестандын жетекчилиги жана коомчулугунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөн. Путин учурда орозо 23-апрелде башталып 23-майда аяктарын, андан соң айт болоруна токтолгон.

"Республикада бул майрамга ызаат менен карап, салт катуу сакталарын жакшы билем. Дин аалымдары учурда абалдан улам ислам динин кармангандарга топ-топ болуп чогулуудан баш тартып, айтты үйдө тосууну айтып эскертип жатканын да билем. Бул беделдүү адамдардын айткандары аткарылат, аны угасыздар деп ишенем", — деген Путин.

Учурда Дагестанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 3 460 адамга жетип, алар Россия боюнча ооруну жуктурган аймактардын тизмесинде 5-орунга чыкты.

Путин республиканын коронавируска чалдыккан муфтийи Ахмад Абдуллаевге бүгүн айыгып кетүүнү каалаган билдирүүсүн жолдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0