Эртеңден тарта Ахунбаев — 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде кыймыл кыйындайт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевШаардык кызматкерлери трубанын ремонтун жасап жатат. Архив
Шаардык кызматкерлери трубанын ремонтун жасап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ремонт иштери 7-апрель көчөсүнүн батыш жана Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы жакта жүрүп, реконструкция 4-августка чейин уланат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Эртең, 19-майдан тарта, Бишкекте Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде кыймыл кыйындайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 19-майдан тарта бул кесилиште "Бишкекжылуулуктүйүн" ишканасы реконструкция иштерин баштайт.

"Ремонт иштери 7-апрель көчөсүнүн батыш жана Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы жакта жүрөт. Ал жердеги түтүктөрдүн эскилиги жеткен, жаңылап, алмаштырууга муктаж. Жылуулук түйүндүн кубаттуулугун жогорулатып, түтүктүн диаметрин 500дөн 900 метрге чейин кеңейтүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия түтүктөрдү жаңылоо иштери 4-августка чейин уланарын айтып, калаа тургундарынан түшүнүү менен мамиле жасоону өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0