Өлкөдө кооптуу кырдаал сакталып турат. Жээнбеков Бороновду кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков принял первого вице-премьер-министра Кубатбека Боронова
Президент Сооронбай Жээнбеков принял первого вице-премьер-министра Кубатбека Боронова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент өлкөдө коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Республика боюнча туруктуу-коркунучтуу эпидемиологиялык кырдаал дале сакталып, Нарын облусунда абал оор деп бааланууда. Бул маалыматты президент Сооронбай Жээнбековго биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун айткандыгын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков Бороновду кабыл алып, эпидемиологиялык кырдаалды жана мындан аркы чараларды талкуулаган. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервый вице-премьер-министр Кубатбек Боронов
Өлкөдө кооптуу кырдаал сакталып турат. Жээнбеков Бороновду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Первый вице-премьер-министр Кубатбек Боронов
"Боронов республика боюнча туруктуу-коркунучтуу эпидемиологиялык кырдаал дале сакталып жатканын баса белгиледи. Нарын облусунда оорураак абал байкалууда. Ал жакка медициналык адистердин кошумча тобу жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи вице-премьер ошондой эле көпчүлүк аймактарда вирус жуктуруп алгандар жана алар менен байланышта болгондорду аныктоо боюнча иштер жыйынтыкталганын маалымдады.

Тез жардам унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Гансидеги" обсервацияда чуу салган жарандар үй карантинине чыкмай болду
Боронов үй карантинине жайгаштырылган адамдардын арасында белгиленген талаптарды бузуу учурлары көп болуп жаткандыгын кошумчалаган.

Жээнбеков өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын белгилеген. Мындан тышкары обсервацияларда жаткан жана үй карантининдеги жарандардын карантиндик-эпидемиологиялык эрежелерди сакташына көзөмөлдү күчөтүүгө көңүл бурган.

Президент жарандардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн жеке жоопкерчилигин, санитардык-гигиеналык ченемдерин, анын ичинде коомдук жайларда бет кап тагынуу режимин сактоосун дагы бир жолу баса белгиледи.

Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдөн келип жаткан жарандардын арасынан жуктуруп алган жаңы фактылардын саны көп катталууда.

"Дээрлик күн сайын чет жактан жүк ташыган автоунаа айдоочуларынын жана чет өлкөлөрдөн келген мекендештердин арасынан коронавирус инфекциясынын жаңы учурлары аныкталууда", — деп айтылат маалыматта.

Мурда Соль-Илецк шаарынан (Россия) келген Кыргызстандын беш жүздөн ашуун жаранынын ичинен азыркы тапта жүздөй адамдын анализдеринен инфекциянын бардыгы аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0