"Гансидеги" обсервацияда чуу салган жарандар үй карантинине чыкмай болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТез жардам унаасы. Архив
Тез жардам унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн суткада коронавирус табылган 43 адам менен жакын байланышта болгон 19 жаран гана калтырылган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагындагы "Семетей" обсервациясында жаткандардын көпчүлүк бөлүгү үй карантинине чыгарылат. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Маалыматта түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ушундай чечим кабыл алынганы айтылат. Ал эми өткөн суткада коронавирус жуктурганы аныкталган 43 адам менен жакын байланышта болгон 19 жаран калтырылган.

Ошондой эле штаб аталган обсервацияга тартылган медицина кызматкерлери 22-майга чейин штаттык режимде иштей турганын билдирди. Андан соң жаңы бригада келип, орун алмашат. Ал эми жооптуу дарыгер 7-июнга чейин иш ордунда болот.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев обсервацияда чуу салган жарандарга кайрылды
Белгилей кетсек, Соль-Илецкиден келип, обсервацияга жайгаштырылган мигранттар чуу чыгарып, дарыгерлерге кол салып, тез жардамдын унаасын оодарууга аракет кылганы айтылган. Жаңжал салгандар үй карантинине чыгууну талап кылышкан.

Бүгүн түшкө жакын аталган жерге саламаттык сактоо министринин орун басары башында турган өкүлдөр барып жарандар менен жолуккан.

Эске салсак, Россиянын Соль-Илецк районунда бир айдан ашык кармалып турган жарандар 7-май күнү автобус менен алып келинген. Учурда алардын ичиндеги 101 адамдан коронавирус аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0