20-майда Оренбургдан мекендештердин дагы бир тобу алып келинет

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчения "Центр-2019" в Оренбургской области
Учения Центр-2019 в Оренбургской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктарды мекенине алып келүү иштери мындан ары да улантыларын убадалады.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 20-майында Оренбург — Бишкек багыты боюнча чартердик каттам уюштуруу маселеси чечилди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бул авиакаттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткарууда Россия жана Кыргызстандын тышкы саясат сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашканы белгиленет.

“Мекендештерди алып келүүдө кош бойлуу аялдарга, улгайган адамдарга, жаш балдары бар ата-энелерге жана Россиянын медициналык мекемелеринде дарылануудан өткөндөргө артыкчылык берилет”, — деп айтылат маалыматта.

ТИМ чет мамлекеттерде, анын ичинде Россияда жүргөн кыргызстандыктарды мекенине алып келүү иштери мындан ары да улантыларын убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0