Шектүүлөр текшерилет. Облус башчысы Ысык-Көлгө кирип-чыгуу шарты тууралуу

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы шаарындагы постто облустук оорукананын лабораториясы орнотулган, кирип бара жаткандардан COVID-19дун симптомдору табылса экспресс-анализ алынат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ысык-Көл облусуна Балыкчы шаарындагы "Ак-Кеме" санитардык-карантиндик посту аркылуу паспорт менен гана кирүүгө болот. Бул туурасында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев брифинг учурунда билдирди.

"Ысык-Көл облусуна Балыкчы шаарындагы "Ак-Кеме" санитардык-карантиндик посту аркылуу гана кирүүгө болот. Кирүү учурунда паспортту көрсөтүү талап кылынат. Балыкчы шаарындагы постто облустук оорукананын лабораториясы орнотулган, кирип бара жаткандардан симптомдор табылган учурда экспресс-анализдер алынат", — деди Осмоналиев.

Облус башчысы аймактан-аймакка кирүүгө тыюу салынганын да кошумчалады.

"Ал эми облустан райондук администрациялардан жана шаар мэрияларынан алынган өткөрмө кагаздарын көрсөтүп, Кызыл-Омпол посту аркылуу чыгышат. Аймактан-аймакка кирүүгө тыюу салынган", — деди ал.

Карантин борбору медиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 Кыргызстандын кайсы аймагына көп жайылды. Тизме
Учурда Ысык-Көл облусунда үч киши коронавирустан дарыланып жатат. Жалпысынан оору жуккандардын саны 10го жетип, айыгып чыккан.

Ал эми Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0