Коронавирустан канча киши айыгып, канчасы дарыланууда? Аймактардын статистикасы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКоронавирусту жуктурган бейтап ооруканада . Архив
Коронавирусту жуктурган бейтап ооруканада . Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында коронавирустан айыгып чыккандар да, дарыланып жаткандар да көп. Ош шаарында коронавирус табылгандардын көбү айыгып, стационарда 11 эле бейтап калган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда Кыргызстандын аймактарында коронавирустан канча бейтап айыгып, канчасы дарыланып жатканын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирус жуктурган 1216 кишинин 827си сакайды. Анын ичинен:

  • Бишкек шаарында — 259;
  • Ош шаарында — 111;
  • Ош облусунда — 163;
  • Жалал-Абад облусунда — 122;
  • Нарын облусунда — 100;
  • Чүйдө — 47;
  • Ысык-Көл облусунда— 10;
  • Баткен облусунда — 15.

Өлкө аймагында 375 киши дарыланып жатат. Анын ичинен:

  • Бишкек — 161;
  • Ош шаарында — 11;
  • Ош облусунда — 22;
  • Жалал-Абад облусунда — 32;
  • Нарын облусунда — 82;
  • Чүй облусунда — 54;
  • Ысык-Көл облусунда — 3;
  • Баткен облусунда — 10.

Коронавирустун кесепети

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир нече кредитиңиз барбы? Эксперт карыз төлөөнүн ыңгайлуу жолун атады
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0