Баткенде санитардык талаптарды сактабаган бир нече ишкана жазаланды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКолун дезинфекциялап жаткан адам. Архив
Колун дезинфекциялап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облуста 1-майдан тарта үч миңдей ишкана жанданган. Аларга күн сайын рейд жүргүзүлүп, санитардык талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынып жатат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Баткен облусунда санитардык талаптарды аткарбаган 28 ишканага айып пул салынганын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Баткен облусунда 11-майдан тарта ишин жанданткан тармактарга күн сайын рейд жүргүзүлүп, санитардык талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынып жатат.

"Натыйжада Облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан ишканаларга санитардык талаптарды сактоо боюнча 202 эскертме кат берилген. Ага карабай эреже сактабаган 117 ишканага эскертүү берилип, 28ине айып пул салынды", — деп айтылат маалыматта.

Ишканаларга салынган айып пул 40 миң сомду түзгөнү кошумчаланды.

Баткенде 1-майдан тарта 1500, 11-майдан дагы 1400дөй ишкана ишин жанданткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0