Бишкектен Москвага 400дөй РФ жараны учуп кетти

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү"Аэрофлот" компаниясынын учагы. Архив
Аэрофлот компаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерте кетсек, бүгүн Россиянын баш калаасынан Кыргызстандын 400гө чукул жараны учуп келген болчу.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкектен Москвага 400дөй россиялык жаран "Аэрофлоттун" чартердик каттамы менен учуп кетти. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун сайтында маалымдалды.

Ушул эле компаниянын каттамы менен бүгүн Москвадан Бишкекке 378 кыргызстандык келди.

Буга чейин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги өз жарандарын чыгарып кетүү боюнча аракеттер башталганын билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0