Ошто айдоочуну сөгүп, кагып-силккен милиционер иштен алынды

© Фото / пресс-служба УВД города ОшМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетке милиция кызматкеринин автомашинада отургандарга орой мамиле жасап, сөгүнүп жаткан видеосу тарагандан кийин ага кызматтык иликтөө башталган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ош шаарында айдоочуну сөккөн милиционер кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, социалдык тармактарга Ош шаарында кызматта турган милиция кызматкери менен айдоочунун ортосундагы чатактын видеосу тарап кеткен. Анда милиция кызматкеринин автомашинада отурган жарандарга болгон орой мамилесин, сөгүнүп жатканын угууга болот. Видеону анын жанындагы жүргүнчү тарткан. Мындан улам ИИМдин ички иликтөө кызматы текшерүү иштерин баштаган.

"Кызматкер жарандарга орой мамиле жасап, ички иштер органдарынын кызматкеринин атын булгагандыгы үчүн Ош ШИИБдин жетекчилиги тарабынан кечээ, 16-майда, ээлеген кызматынан алынды. Ал эми анын жанында болгон ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин дагы кызматтан бошотуу боюнча жетекчилигине сунуш берилди", — деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык милициясы кызматкерлер коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө элдин саламаттыгы үчүн күнү-түнү, аба ырайынын ар кандай шартында кызмат өтөп жатканын белгилеп, мындай жагымсыз окуялардын болушу өкүндүрө турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0