БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин өкмөтү Кыргызстандын жараны Чынара Жантөшеванын коронавирус менен күрөшүүдөгү эмгегин жогору баалады. Бул тууралуу The National басылмасы жазды.
Жантөшева Дубайдагы Rashid Hospital ооруканасында интенсивдүү терапия бөлүмүндө анестезиолог-реаниматолог болуп иштейт. Бул госпиталда анын 11 жылдан бери эмгектенери айтылды.
"Чынара Жантөшева Дубайдагы Rashid Hospital мамлекеттик ооруканасында коронавирус менен күрөшүүдө алдыңкы катарда болуп, элдин ден соолугу үчүн жан үрөп иштеген", — деп айтылат БАЭ өкмөтүнүн куттуктоосунда.
Бириккен Араб Эмирлигинин өкмөт башчысы жана вице-премьери, Дубайдын эмири шейх Мухаммед бин Рашиддин чечими менен кыргызстандык дарыгерге 10 жылдык алтын резидент-виза тапшырылган.
"Мындай визаларды ишкерлер эле алат деп ойлочумун. Андыктан мен үчүн бул күтүүсүз жаңылык болду. Рамазан айы учурунда өкмөттөн эң сонун белек алдым", — деген 55 жаштагы дарыгер.
Мындай сыйлыкты Жантөшевадан сырткары 212 медицина кызматкери алган.
10 жылдык алтын резидент-визалар Бириккен Араб Эмирлигиндеги илим, технология жана саламаттык сактоо тармагында өзгөчөлөнө алган адистерге жана ири инвесторлорго берилет. Бул документ БАЭде жашап жаткан четөлкөлүк жаранга турак жай сатып алууга, ижарага алууга, ишкерлик менен алектенип, окуп, тоскоолдуксуз жашоого укук берет.