Басымдуу бөлүгү Бишкекте. Коронавирус жуктурган 21 бейтап айыкты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер
Ооруканадагы дарыгерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада айыккандардын көбү Бишкектен, тагыраагы, борбор калаада 11 бейтап сакайды. Алардын кайталап алынган анализи таза чыккан.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын ичинен 21и айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирустан сакайгандардын саны 804 болду.

"Бир суткада айыккандардын көбү Бишкектен, тагыраагы, борбор калаада 11 бейтап сакайды. Ош шаарынан экөө, Ош облусунан экөө, Баткенден үчөө, Нарын облусунан үч бейтап айыкты. Алардын кайталап алынган анализи таза чыккан", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1138 болду. Анын ичинен 804ү айыгып, 14 киши каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0