Бишкектин түштүгүндө курулуп жаткан паркта амфитеатр болот. Эскиз

© пресс-служба мэрии города БишкекБолочоктогу "Ынтымак-2" деп аталган парктын курулуп жаткан амфитеатрынын эскизи
Болочоктогу Ынтымак-2 деп аталган парктын курулуп жаткан амфитеатрынын эскизи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлбак былтыр август айында ачылган "Ынтымак" эс алуу аймагынын жанына салынат. Анын ичинде боз үй болору айтылды.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине болочоктогу "Ынтымак-2" деп аталган парктын курулуп жаткан амфитеатрынын эскизин берди.

© пресс-служба мэрии города БишкекЭскиз амфитеатра на территории будущего парка "Ынтымак-2" в Бишкеке
Гүлбак да жаңы курулуп жатат, ал буга чейинки Ынтымак паркынын чыгыш тарабынан орун алмакчы - Sputnik Кыргызстан
1/2
Гүлбак да жаңы курулуп жатат, ал буга чейинки "Ынтымак" паркынын чыгыш тарабынан орун алмакчы
© пресс-служба мэрии города БишкекЭскиз амфитеатра на территории будущего парка "Ынтымак-2" в Бишкеке
Алар Түштүк магистралдын аймагында (Токтоналиев көчөсү менен кесилишет) жайгашкан - Sputnik Кыргызстан
2/2
Алар Түштүк магистралдын аймагында (Токтоналиев көчөсү менен кесилишет) жайгашкан
1/2
Гүлбак да жаңы курулуп жатат, ал буга чейинки "Ынтымак" паркынын чыгыш тарабынан орун алмакчы
2/2
Алар Түштүк магистралдын аймагында (Токтоналиев көчөсү менен кесилишет) жайгашкан

Гүлбак да жаңы курулуп жатат, ал буга чейинки "Ынтымак" паркынын чыгыш тарабынан орун алмакчы. Алар Түштүк магистралдын аймагында (Токтоналиев көчөсү менен кесилишет) жайгашкан.

Бишкек мэриясы буга чейин амфитеатрдын курулушу кандай жүрүп жаткандыгын көрсөткөн эле.

Муниципалитеттин берген маалыматтарына караганда, амфитеатрдын сахнасынын алдында петроглифтери бар боз үй орун алат. Сахнанын айланасына орундуктар орнотулат.

Бишкекте жаңы ачылган парктын асмандан көрүнүшү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жаңы ачылган парктын асмандан көрүнүшү. Видео
Парк жалпы 8,4 гектарды ээлейт. "Ынтымак" жайынын аянты 10 гектар. Микроклиматты жакшыртуу үчүн "Ынтымак-2нин" ичине суу алып кирүү, көлмө жасоо пландалып жатат.

Ал эми суудан өтө турган көпүрөчүлөр комуздун элесин берип турарын айтышты. Салкын аллеянын узундугу 260 метрге чукул болот.

Андан сырткары майып балдар үчүн атайын аянтчалар каралган. Мэриянын аны менен кошо эле отургузулган бак-дарактарды сугарып туруу боюнча атайын тармактардын маселесин кошо чечип жаткандыгы кабарланды.

Бул иштердин качан бүтүп, шаардыктарга кайсы учурда тартуулана турган мөөнөтү боюнча айтылган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0