"Фрунзе" дүкөнүнүн вирус жуктурган сатуучусу 48 киши менен байланышкан

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүСоода тармагынын кызматкери жумуш учурунда. Архив
Соода тармагынын кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-май күнү Бишкектеги Vefa соода борборунун алдындагы "Фрунзе" гипермаркетинин сатуучусунан вирус чыккандыгы тууралуу айтылган. Кызматкер өзү Санэпидемкөзөмөл кызматына кайрылып, вирустун белгилерин сезип жатканын билдирген.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. "Фрунзе" гипермаркетинин коронавирус жуктуруп алган кызматкери 48 киши менен байланышта болгон. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

12-май күнү Бишкектеги Vefa соода борборунун алдындагы "Фрунзе" гипермаркетинин сатуучусунан вирус чыккандыгы тууралуу айтылган. Кызматкер өзү Санэпидемкөзөмөл кызматына кайрылып, вирустун белгилерин сезип жатканын билдирген.

Мындан улам вице-мэр өзгөчө зарылдык болбогон учурда үйдөн чыкпоого жана сыртта жүргөндө болушунча башкалар менен аралыкты сактоого чакырды.

Анын айтымында, ушул тапта шаарда вирус жуктуруп алгандардын саны 305. Ал эми байланышта болгондор 648 кишиге жетти.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова  - Sputnik Кыргызстан
Вице-мэр: Бишкекте 113 үйдүн жашоочуcу коронавируска тест тапшыруудан баш тартты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү кырдаал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, сүрөт жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантууда.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0