19:37 02 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.5222
  • EUR82.1316
  • RUB1.0658
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1475)
355 0 0

16-майга берилген маалыматтар боюнча, медицина кызматкери 400 үйгө барып 961 адамдан экспресс-тест алып, баары таза чыккан.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Борбор калаада 113 үйдүн жашоочулары коронавируска экспресс-тест тапшыруудан баш тартты. Бул туурасында Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 16-майга карата 400 үйгө барып 961 адамдан экспресс-тест алып, баары таза чыккан. 

“Тест тапшыруудан моюн толгогондор да болуп жатат, 113 дарекке барганда баш тартып коюшкан. Ал эми 99 үйдүн эшиги бек болгон. Урматтуу шаардыктар, медиктер жана эпидемиологдор менен кызматташууңуздарды суранабыз. Мобилдик бригадалар өздүк коргоочу каражаттар менен камсыздалган, ар бир тургундун коопсуздугуна кам көрө тургандай болуп окутулган”, — деди вице-мэр.

Ошондой эле ал үй карантинине алынгандарды көзөмөлдөгөн 20 мобилдик бригада иштеп жатканын белгиледи. Алар оорунун 110 очогуна барып иштөөдө.   

Бүгүнкү күндө 5500 адам үй карантининен чыгарылган, 765и мөөнөтү бүткөнгө чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө калууда.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда 16-майга карата коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1475)

Тема боюнча

Кыргызстанга чет өлкөдөн жүк ташып келген үч айдоочудан COVID-19 чыкты
Белгилер:
Бишкек, тест, эпидемия, кызматташуу, баш тартуу, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ