COVID-19: жети кишинин абалы оор, төртөө реанимацияда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРеанимация бөлүмүндө медициналык изилдөө борборунун кызматкери. Архив
Реанимация бөлүмүндө медициналык изилдөө борборунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда стационарда  жалпысынан 320 бейтап дарыланууда. Ал эми 783 адам сакайып, үйүнө чыгарылды. Жуктургандардын саны бүгүн 1117 адамды түздү.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алып ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан жети кишинин абалы оор, төртөө реанимацияда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Учурда стационарда  жалпысынан 320 бейтап дарыланууда.

“Жети кишинин абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда. Калгандарынын абалы орточо жана канааттандырарлык деп бааланууда”, — деди Үсөнбаев.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Коргоочу костюмдагы медициналык кызматкер шаардык клиникада коронавирустун анализи үчүн биоматериал чогултуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өткөн сутканын ичинде 38 адам коронавирустан айыгып чыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү кырдаал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, сүрөт жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантууда.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0