Өткөн сутканын ичинде 38 адам коронавирустан айыгып чыкты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКоргоочу костюмдагы медициналык кызматкер шаардык клиникада коронавирустун анализи үчүн биоматериал чогултуп жатат. Архив
Коргоочу костюмдагы медициналык кызматкер шаардык клиникада коронавирустун анализи үчүн биоматериал чогултуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен республика боюнча ооруканада жаткан 783 бейтап айыгып чыкты. Жуктургандардын саны 1117 адамды түзөт.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда 38 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Базарда жашылчаларды сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кардиолог жүрөктүн иштөөсүн жакшырткан азыктарды атады
Анын ичинен Бишкек шаарынан 31, Жалал-Абад облусунан беш, Нарын облусунан эки киши сакайган. Ушуну менен республика боюнча 783 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Арасында алты медицина кызматкери да COVID-19ду жеңип чыкканы айтылат. Ал эми өткөн суткада жуктуруп алгандар катталган жок.

Жалпысынан республика боюнча 248 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган, учурда 200 медик айыгып чыкты.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Кан чогултуучу түтүктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн алты киши коронавируска кабылды
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0