Ош жана Баткен облустарынын айрым жеринде эки күнгө жарык өчөт

© AFP / CRISTIAN HERNANDEZАял керосин чырагын күйгүзүп жатат. Архив
Аял керосин чырагын күйгүзүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштери жергиликтүү бийлик менен макулдашылып жүргүзүлүүдө. Бул учурда саат 8.00дөн 17.00гө чейин жарык өчүрүлүп турат.

ОШ, 16-май — Sputnik. Ош жана Баткен облустарынын айрым аймактарында бүгүн-эртең электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Бул туурасында "Ошэлектр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жарык пландалган оңдоо иштерине байланыштуу жана 2020-2021-жылдагы кыш мезгилине даярдык көрүү максатында өчүрүлүп жатат.

Ошондой эле окуучуларды аралыктан окутууга тоскоол болбоо үчүн дем алыш күндөрү саат 8.00дөн 17.00гө чейин өчүрүлө турганы айтылат.

16-майда жарык өчө турган аймактар:

  • Ош шаарынын Ишматов, Төлөнов, Манас, Муса Жалил, Исабаев, Набиев, Крылов, Рахимов, Королев, Набережная, Прибрежная, Тургенев, Калмурзаев, Алишер Навои көчөлөрү;
  • Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын 8-март, Дехканский, Железнодорожный, Заводской, Загородный, Интернационал, Калинин, Киргизия, Киров, Кувасайский, Матросов, Октябрь, Биринчи май, Пушкин, Сухан көчөлөрү;
  • Оштун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтү;
  • Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтү.

17-майда жарык өчө турган аймактар:

  • Ош шаарынын Гапар Айтиев, Маткеримов, Байтемиров, Абдыкадыров, Саидов, Киров, Пахта-Абад, Пролетарская, Темирязев, Амир-Темир, Урицкий, Моминов, Резиденция, Абдыкадыров, Шота Руставели, Краснофлотская, Пахта-Абад көчөлөрү;
  • Кара-Суу районунун Нариман, Мады, Катта-Талдык, Талдык, Кызыл-Тал, Ак-Жар, Каратай, Фуркат, Медресе, Кыргыз-Чек, Кормоцех, Кулиев, Беш-Бадам, Он-Адыр айылдары. Кыдырша, Савай, Сары-Колот айылдары жана Кашкар-Кыштак айыл өкмөттөрү;
  • Баткен шаарынын Турмаматов, Раззаков, Салиханов, Садыков, Султанмурат көчөлөрү;
  • Кызыл-Кыя шаары: Калтак, Живпром, Стахановская, Шахтерская, Ударник, Жданов, Схуна, Черкасов, Пушкин, Техникум, Пионер, Ломоносов, Машзавод, Северная, Едренкина, Кулатов, Горняк, Интернационал, Газетная, Гостело, Калинин, Черкасов, Загородная, Садовая, Ключевая, Дехканский көчөлөрүндө жарык берүү үзгүлтүккө учурайт.

Ал эми 16-17-май күндөрү эки күн катары менен Алай, Чоң-Алай райондорунда электр жарыгы берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0