21:22 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542
Коом
Кыскача шилтеме алуу
3421 0 0

Бүгүн, 15-майда, өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктап, окуучулар тест тапшыра турганына ынанып, ага кызуу даярдык көрүп турган чагы.

Адатта ар бир окуу жылынын аягында мектеп бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайга өтүү үчүн ЖРТга катыша турганы маалым. Мурда тестирлөөгө каттоо февраль, март айларында жүргүзүлсө, быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу мөөнөтү 4-майдан 15-майга чейин жылдырылган.

Ал эми тестирлөөнүн биринчи этабы 21-22-июнда, экинчи жолкусу 24-25-июнь күндөрү өтөт. Демек окуучуларда бул маанилүү тапшырмага даярданууга кенен бир ай убактысы бар.

Тестке даярданууда эске ала турчу жагдайлар тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева айтып берди.

Үйдөн даярданууга шарт керек

Учурда балдар карантинге байланыштуу тестке үйдөн даярданууга мажбур. Атайын борборлорго же мектепке барып окуй алышпайт. Андыктан аларга ата-энесинин түшүнүү менен мамиле жасашы, шарт түзүп, убакыт бөлүп берүүсү жана ар тараптан колдоосу маанилүү.

Онлайн камынуу

Окуучулар oku.edu.gov.kg, www.testing.kg жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун YouTube каналы аркылуу даярданса болот. Ошондой "Мега 24" тиркемесинде да тестке тиешелүү маалыматтар бар. Мындан сырткары, интернеттен даярдануунун көптөгөн ыкмаларын караштырууга болот.

Негизги тест менен предметтикке даярдануунун өзгөчөлүгү

Жалпы республикалык тест негизги жана предметтик бөлүктөрдөн турары маалым. Негизги тестти ЖОЖго тапшырам дегендердин бардыгы тапшырууга милдеттүү. Ал эми предметтик тест болочок кесипке жараша тандалат.

Ошол себептен башынан эле кайсы адистикке тапшыра турганыңызды аныктап алып, ошого жараша предметтик тестке даярдануу керек. Маселен тарыхчы боло турган болсоңуз, тарых сабагын көбүрөөк оку деген эле кеп. Буга чейин абитуриенттер химия, биология, физика, математика, тарых жана англис тилинен кошумча предметтик тест тапшырып келишсе, быйыл кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты кошумча предмет катары киргизилди.

Негизги тест окуу жана түшүнүү, математика, сөздүк логикалык тест жана кыргыз тилинин практикалык грамматикасы деген бөлүмдөрдөн турат. Демек ушул сабактарга көңүл коюу керек.

Мектепте адабий тексттерге талдоо жакшы жүргүзүлөт. Балдар ошондуктан маалыматтык текстке келгенде кыйналышы мүмкүн, себеби көндүм жок. Маалыматтык тексттер биология, химия, география деген сабактарда кездешет. Ошол себептен негизги дагы, предметтик дагы тестке келгенде ой жүгүртүүнү, талдоону курчутуу керек. Ал үчүн окуп жаткан нерсени түшүнүү зарыл.

ЖРТдан жогорку балл алуунун сыры эмнеде?

Биринчи кезекте окуучунун жөндөмүнө жараша болот. Мектепте алган билимди тапшырманы чечерде аткара алабы, кеп ошондо. Окуган нерсени түшүнүп, анан колдонгонго аракет кылуу керек. Тагыраагы, теманы жаттап, аны эртеси унутуп калбаш керек. Маселен, математикада формуланы жаттап айтып бергендин кажети жок, аны пайдаланып эсепти чыгаруу керек. Ошондой эле кыргыз тилиндеги жөндөмөлөрдү шатырата жаттап эмес, сүйлөм түзгөндө аны пайдалана билүү зарыл.

Сынамык тесттер, атайын колдонмолор канчалык эффективдүү?

ЖРТ тапшырмалары мектеп программасына жана мамлекеттик стандартка ылайык даярдалат. Кадимки окуу китептерине салыштырмалуу сынамык тесттер натыйжалуу деп айтууга болот. Бул психологиялык жактан даярданууга жакшы мүмкүнчүлүк. Ошондой эле сынамык тесттен өткөндөн кийин жыйынтыкты көрүп, туура эмес жооптор болсо аларды кайрадан тууралаганга болот.

Психологиялык абал дагы упай топтоодо таасирин тийгизеби?

Өтө чоң эмес. Башында тестке киргенде окуучу сарсанаа болушу мүмкүн, андан кийин өзүн колго алганга аракет кылат. Бирок бул адатта мектептеги экзамендегидей төрт беш кишинин алдына туруп жооп бергенден көрө жеңилирээк. Тестке үч сааттай убакыт берилип, шашпай ой топтоп иштегенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Аз калганда тестке даярдануу натыйжасын береби?

Албетте аз калганда тестке даярдануу туура эмес. Башынан жакшы окуганга тырышып, базаны күчтөө керек. Анан ошону практикада пайдалана билүү зарыл. Бирок тестке аз убакыт калды деп такыр даярданбай койгон туура эмес. Кандай гана аракет болбосун, сөзсүз натыйжасын берет.

Интернетке максатсыз баш бага бербеңиз

Балдарга азыр социалдык тармакка кирүү, ар кандай видеолорду көрүү кызык. Бул канчалык бир деңгээлде убакытты алары маалым. Максат коюп, жакшы жыйынтыкка жетем десеңиз, өзүңүзгө приоритеттерди аныктап алышыңыз керек. Маселен, өзүңүзгө азыр соцтармактар аркылуу досторум менен курулай баарлашуу канчалык маанилүү, бул видео, сүрөттөрдүн эмнеси пайдалуу деген суроолорду бериңиз. Балдарга ата-энелер дагы көз салышы керек.

"Упай топтоо бактыдан" болобу?

Болжолдоп тоголоктоп койсо деле тесттин жыйынтыгы жакшы чыгат деген түшүнүк туура эмес. Негизги тестте 150, предметтик тестте 40-50 тапшырма болот. Экзаменде болжолдоп тапшырма аткаруу менен жакшы жыйынтыкка жетем деген ыктымалдуу теория болушу мүмкүн. Себеби ал жакта толтура суроонун ичинен төртөө келет, айрымдары оңой болушу мүмкүн. ЖРТда тапшырмалар жана тесттин варианттары көп болгондуктан, абдан жакшы ойлонууга туура келет. Эгерде окуучу төрт варианттын бирин туура деп калчап, ою жакын болгону үчүн тоголоктосо, муну ой жүгүртүү, болжолдоп койду деп айтканга болбойт. Ал эми жөн гана көз жумуп тоголоктой бергендерди болжолдоо десе болот.

Былтыр ЖРТдан Кыргызстан боюнча эң жогорку баллды Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы Кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов алган. Ал 238 упай топтогон. Анын тестке кантип даярданганын жана кеп-кеңештерин Sputnik агенттиги даярдаган маектен окусаңыз болот.

Тема боюнча

Окуучуларым ЖРТдан 200дөн ашык упай алат! Адис тест тапшыруунун сырын ачты
Белгилер:
даярдык, окуучу, тест, ЖОЖ, ЖРТ, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ