Акыркы коңгуроо аземин онлайн өткөрүү пландалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКоңгуроо кагып жаткан окуучу. Архив
Коңгуроо кагып жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары ата-энелерге, белгилүү инсандарга бүтүрүүчүлөрдү онлайн куттуктаган акцияга катышууга чакырды.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн Акыркы коңгуроо аземин онлайн-форматта өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Акыркы коңгуроо 30-майга туш келет.

"Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Акыркы коңгуроону кандай форматта өткөрсөк, бүтүрүүчүлөрдү кантип куттуктасак деп ойлондук. Салтка айланган салтанаттуу иш-чараларды өткөрө албайбыз. Анткени балдардын ден соолугу баарынан маанилүү. Муну ата-энелер, педагогдор түшүнүп жатат. Мындан улам аземди онлайн-форматта өткөрүү каралууда. Анда белгилүү инсандар, ата-энелер, мектеп жетекчилери бүтүрүүчүлөрдү онлайн куттуктап, кеңештерин айтышат. Бардык адамдарды бул акцияга катышкыла деп чакырып кетет элем", — деди Жусупбекова.

Министрдин орун басары 1-июндан тарта жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталарын айтып, ЖРТга каттоо бүгүн, 15-майда, бүтөрүн кошумчалады.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1111ге жетип, анын ичинен 745и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Бишкектеги мектептердин бүтүрүүчүлөрү Акыркы коңгуроо майрамдашты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда быйыл канча бала мектепти аяктаары айтылды
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0