Милициянын Кувейт жана Катардан келген кыргызстандыктарды тосуп алган видеосу

© Фото / Пресс-служба МИД КРКатар, Кувейт мамлекеттеринен Эль-Кувейт – Доха – Бишкек каттамы менен Бишкекке келип түшкөн 107 кыргызстандыкты Бишкек милициясы тосуп алды
Катар, Кувейт мамлекеттеринен Эль-Кувейт – Доха – Бишкек каттамы менен Бишкекке келип түшкөн 107 кыргызстандыкты Бишкек милициясы тосуп алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар менен кошо Казакстандын 31 жараны келген. Аларды казак тарап аба майдандан тосуп алып, атайын транспорт менен мекенине алып кетти.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Катар, Кувейт мамлекеттеринен Эль-Кувейт – Доха – Бишкек каттамы менен Бишкекке келип түшкөн 107 кыргызстандыкты Бишкек милициясы тосуп алды. Бул тууралуу видеону Свердлов РИИБи социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган.

Борбор калаанын милициясынын кызматкерлери аларды эл аралык "Манас" аэропортунан тосуп алып, санитардык-эпидемиологиялык текшерүүдөн өткөрүү үчүн обсервацияга жеткирген.

Бүгүн Дубайдан дагы 180 кыргызстандык мекенине алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Дубайдан дагы 180 кыргызстандык мекенине алып келинди. Сүрөттөр
Видео түндө тартылган. Аба майдандан атайын коргоочу костюмдар менен жүргөн медиктерди, аэропорт кызматкерлерин жана тартип коргоочуларды көрүүгө болот.

Кыргызстандыктар менен кошо Казакстандын 31 жараны келген. Аларды казак тарап аба майдандан тосуп алып, атайын транспорт менен мекенине алып кетти.

Бүгүнкү иш-чара коронавирус пандемиясынан улам эл аралык аба каттамдарынын токтотулушуна байланыштуу чет мамлекеттерде калган жарандарды кайтаруу ишинин алкагында уюштурулган. Аны президенттин тапшырмасы менен ТИМ аткарууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0