Эки айдан бери маяна албаган жолчулар марттын айлыгын 300-400 сомго кем алышты

Жазылуу
Социалдык тармакта ЖЭМдин жумушчулары марттан бери айлык ала албай келишкени тууралуу билдирүү жарыяланган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жол эксплуатациялоочу мекемесинин (ЖЭМ) эки айдан бери маянасын ала албай келген жумушчулары март айынын акысын алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол чарбачылыгы департаментинин директорунун орун басары Жумаш Соодомбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу республика боюнча ЖЭМдин жумушчулары март-апрель айынын айлыгын ала албай келишкен.

Буга чейин Facebook тармагында Ак-Талаа райондук жол тейлөө ишканасынын ага инженери Султангазы Шекеновдун Баетов — Макмал авто жолунун жасалуу иштери, андагы көйгөйлөр боюнча видеосунда маяна көйгөйү тууралуу айткандыгы жарыяланган.

Видеонун алдына Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу билдирүү калтырган.

"Саламатсызбы. Мен Сиздин суроону министрге бердим. Бир айдын айлыгын чечишти. Ал эми жол курууга азыр бюджетте акча жок", — деп жазган депутат.

Ал эми Жумаш Соодомбаев жолчулардын маянасынын убагында берилбегендигин пандемиядан улам өлкөдө түзүлгөн абалга байланыштырды.

Министр транспорта и дорог КР Жанат Бейшенов - Sputnik Кыргызстан
Сөзсүз президент айтыш керекпи? Транспорт министрине иштен кетүү сунушталды
"Март айына жалпы 35 миллион сом аласабыз бар эле. Эки күн мурун Каржы министрлигинен биздин мекемеге айлык катары 30 миллион сом которулду. Учурда жалпы ЖЭМдин кызматкерлери марттын айлыгын алышты. Ошондо өлкө боюнча ар бир жумушчу маянасын 300-400 сомго кем алып калды. Марттын айлыгынан калган беш миллион сомду апрелдин айлыгына кошуп берүүгө сөз берип жатышат. Ал эми апрель айынын маянасы жалпы 28-30 миллион сомдун тегерегинде болот. Бул тууралуу да Каржы министрлигине кайрылып жатабыз", — деди Соодомбаев.

Ал кошумчалагандай, аталган мекеме айлык маянасын республикалык бюджеттен алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0