Кыргызстанда быйыл канча бала мектепти аяктаары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги мектептердин бүтүрүүчүлөрү "Акыркы коңгуроо" майрамдашты. Архив
Бишкектеги мектептердин бүтүрүүчүлөрү Акыркы коңгуроо майрамдашты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү быйыл мамлекеттик сынактарды башкача форматта тапшырат. Окуу жылы болсо 30-майда аяктаары айтылды.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстанда быйыл 11-классты 59 миң окуучу аяктайт. Анын 1253ү артыкчылык аттестатына талапкер. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-классты аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө салыштырмалуу 9-классты аяктап жаткандар көп. Алардын саны 104 миңди түзөт.

Окуучулар экзамен учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖРТга каттоо башталды. Абитуриенттин эң көйгөйлүү 11 суроосуна жооп
Коронавируска байланыштуу 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү быйыл мамлекеттик сынактарды башкача форматта тапшырмай болушту. Анда атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды окуучулардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен коёт.

Буга чейин быйылкы окуу жылы 30-майда аяктаары айтылган.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 2283 мектеп бар. Анда 1 миллион 311 миңден ашуун бала билим алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0