21:40 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1471)
356 0 0

Буга чейин Чаткал районунда коронавирус жуктургандарды аныктоо иш-чараларын жасап жүргөн медиктерге эл каршылык көрсөтүп, жаңжал чыккан.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда карантин тартиби күчүндө, 12 пост иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, Чаткалга кирип-чыгууга тыюу салынган.

"Облуста элдин кыймылын азайтуу максатында милиция кызматкерлери күнү-түнү кызматта. Чаткал районунда болсо карантин тартиби күчүндө, блокпосттор иштеп жатат", — деди Мирзахмедов.

Эске салсак, 11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланган. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Буга чейин Чаткал районунда коронавирус жуктургандарды аныктоо иш-чараларын жасап жүргөн медиктерге эл каршылык көрсөтүп, жаңжал чыккан.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1082ге жетти. Анын ичинен 735и айыкса, 12 адам көз жумган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1471)

Тема боюнча

Ош облусунун башчысы: карантинден кийин дагы той-ашка ыксыз чыгым болбойлу
Белгилер:
блокпост, карантин, Чаткал, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ