Талас: вирус аныктоодо 17 миңден ашык тест жүргүзүлүп, бардыгы таза чыккан

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКоронавируска экспресс-диагностика. Архив
Коронавируска экспресс-диагностика. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус жетекчиси учурда ооруканалардын жугуштуу бөлүмдөрүндө төрт изолятор, 61 керебет дайындалганын белгиледи.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Талас облусунда коронавирустун бар-жогун аныктоо үчүн баш-аягы 17 миңден ашуун кишиден тест алынып, бардыгы таза чыккан. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 14-май эртең мененки 8.00гө карата облуста коронавирус катталган жок.

Ушул кезге чейин 3 094 кишиден ПЦР-тест, 14 137 адамдан экспресс-тест алынган. Обсервациядан - 538, үй карантининен 3076 адам чыкты.

Учурда ооруканалардын жугуштуу бөлүмдөрүндө төрт изолятор, 61 керебет дайын турат.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1 082ге жетти. Анын ичинен 735и айыкса, 12 адам көз жумган.

Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мураталиев: Таласка жакын Чаткал, Жамбылдан вирус чыкты, кооптонуу бар
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0