03:22 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4726
  • EUR82.3665
  • RUB1.0751
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1484)
737 0 0

Оштун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев ишкерлер той-ашты күркүрөтө өткөргөндү токтотсо, карапайым калк алардан үлгү аларын белгиледи.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев элди карантинден кийин дагы той-ашка ыксыз чыгым болбой, акчаны жашоо шартын жакшыртканга жумшоого чакырды. Бул тууралуу ал брифинг учурунда билдирди.

Жылкыбаевдин айтымында, Ошто коронавируска чейин дагы ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча муфтият өкүлдөрү менен жыйындар болуп келген.

"Мурда Кыргызстанда эле эмес башка мамлекеттерде да ыксыз, обу жок чыгымдар көбөйүп кеткен. Азыр карантинге байланыштуу жакшылыктар токтоп, тажия, жаназага аз киши туруп калды. Эми карантинден чыктык деп кайра элдин көп болуп чогулуу коркунучу болуп жатат. Алдыда Айт майрамы дагы келе жатат. Вирусту бир киши бир нече адамга тарата турганын эстен чыгарбай, коопсуздукту ойлойлу. Экинчиден, ошол чыгымдарды жашоо шартыбызды жакшыртууга, балдардын билимине, ден соолукту чыңдоого, өзүбүздү өнүктүрүүгө жумшоого чакырам", — деди Оштун жетекчиси.

Ал ошондой эле ишкерлер той-ашты күркүрөтө өткөргөндү токтотсо, карапайым калк алардан үлгү аларын кошумчалаган.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1484)

Тема боюнча

Кантип көбүрөөк сооп алса болот? Орозодо ооз ачыруунун жол-жобосу
Белгилер:
чыгым, аш, той, карантин, коронавирус, жетекчи, Узарбек Жылкыбаев, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ