Депутат айрым дарылардын баасы үч эсеге кымбаттап кеткенине нааразы болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКарыя аял аптекада. Архив
Карыя аял аптекада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат дары-дармекке болгон баа өсүп кетпеши үчүн атайын кошумча нарк салыгынан бошотулганын эскертти.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гайыпкулов өлкөдө айрым дары-дармектердин баасы үч эсе жогорулап кеткенин айтып, нааразычылыгын билдирди.

Ал парламенттин жалпы жыйынында өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, бааны жөнгө салуу боюнча Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментине, ошондой эле Монополияга каршы күрөшүү кызматына тапшырма берүүнү сунуштады.

"Бүгүнкү күндө доллардын курсу жогорулады деп дарылардын баасын аябай кымбаттатып жатышат. Мисалы, мурда 80 сом турган Гепарин 230 сомго чыгып жатат. Бул деген үч эсе кымбат.  Ошондой эле жүрөк ооруларынын дарыларынын да баасы өскөн", — деди Гайыпкулов.

Депутат дары-дармекке болгон баа өсүп кетпеши үчүн атайын кошумча нарк салыгынан бошотулганын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0