Министр Жунушалиев: милиция бет кап тагынбагандарга айып салбайт

© Фото / пресс-служба ЖКИчки иштер министри Кашкар Жунушалиев. Архив
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция мыйзамга ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги же Республикалык штаб тапшырма берген учурда бет кап тагынбагандарга айып сала баштайт.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция Бишкектин тургундарына шаарда бет капсыз жүргөндүгү үчүн айып салбай турганын парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, бирок тургундар бет кап тагынбаган үчүн айып пул сала албайт.

"Эгер Саламаттык сактоо министрлиги же Республикалык штаб тапшырма берсе, 293-беренеге ылайык айып сала алат”, — деди министр.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1044кө жетти. Анын ичинен 726сы айыкса, 12 адам көз жумган.

Курчалган аянтта милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаал тартибин бузгандарга салынчу айыптын суммасы айтылды
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды.  Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0