Мэрия: Бишкекте санитардык эрежелер сакталбай жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициянын кызматкери иш учурунда. Архив
Кайгуул милициянын кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир райондук акимиатта мобилдик топтор түзүлдү. Алар супермаркеттерди, базарларды, тамак жеткирип берип иштеп жаткан кафелерди, сулуулук салондорун жана башка ишканаларды кыдырып жатат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкекте санитардык эрежелерди бузгандар көп болууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ар бир райондук акимиатта администрация кызматкерлеринен, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун инспекторлорунан жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топтор түзүлгөн.

Алар бардык супермаркеттерди, базарларды, кафелерди, сулуулук салондорун жана ишканаларды кыдырып жатат.

“Тилекке каршы, ишкерлер тарабынан дагы, шаардыктар тарабынан дагы санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар көп болуп жатат. Көпчүлүгү маска тагынган эмес жана санитайзерлер жок”, — деп айтылат билдирүүдө.

Тартип бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айрымдарына Эреже бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүүдө.

Мобилдик топтор Биринчи май районунда 110, Свердлов районунда 90 жана Ленин районунда 90 ишкананы текшерди. Октябрь районунда текшерүү иштери эртең башталат.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1044кө жетти. Анын ичинен 726сы айыкса, 12 адам көз жумган.

Бишкектин жолунда катуу ылдамдыкта автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: түндө Бишкекте катуу ылдамдыкта автоунаа айдагандар көп болду
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0