Табигый кырсыктан үйү жабыркаган канча киши акча алды. Камсыздандыруунун төрт жылы

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүТурак жайдагы өрт. Архив
Турак жайдагы өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда төрт жылдан бери турак жайлар камсыздандырылып келет. Бул турак жай өрттөн жана табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаганда "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ордун толтуруу үчүн каражат бөлөт деген сөз.

Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу тууралуу түшүнүк киргенден тарта, тагыраагы, 2016-жылдан бери, өлкөдө канча үй камсыздандырылып, канчасына акча бөлүнгөндүгү тууралуу Sputnik агенттиги билип көрдү. Суроолорго өкмөт негиздеген "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коому жооп берди.

Турак жайды милдеттүү камсыздандырган мамлекеттик бир гана уюм бар

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл каттоонун мөөнөтү белгисиз убакытка жылды
Мыйзам боюнча Кыргызстандын аймагында турак жайларды милдеттүү камсыздандыруунуну лицензиясы бар мамлекеттик уюм ишке ашырат. Учурда бул ишти жападан жалгыз "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" жасап келет. Тагыраагы, азырынча үй-жайды камсыздандырган башка мамлекеттик же менчик компания жок.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун облустарда жети филиалы жана район менен шаарларда 56 инспектордук бөлүмү менен ар бир айыл өкмөттө 400гө жакын агенттери иш алып барат.

Учурда канча үй камсыздандырылган?

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, өлкө боюнча бир миллиондон ашык турак жай бар. Анын ичинен 854 миңден ашыгы жеке турак жай, 320 миңден ашыгы батир.

Келишим бир жылга түзүлөт. Азыркы тапта уюмдун 86 910 объектиге жоопкерчилиги бар. Анын 5097си жеңилдетүү менен камсыздандырылгандар. 2020-жылдын биринчи кварталында (алгачкы үч айында) 18 183 турак жай камсыздандырылган. Уюм турак жайды камсыздандыргандардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын белгиледи.

Учурда канча кишиге каражат төлөнгөн?

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2016-жылдын февраль айында ишин баштагандан бери турак жайлары өрттөн жана табигый кырсыктардан жабыр тарткан 404 жаранга 32 миллион 606 миң сомдон ашык каражат төлөп берген. Ал эми ушул жылы 57 кишиге 3 миллион 138 миң сомдон ашык акча берилген.

Ошондой эле учурда Баткен жана Нарын облусундагы жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган үйлөр боюнча документтер чогултулуп, тийиштүү иш жүрүп жатканы айтылды. 

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун мүмкүнчүлүктөрү

Кыз акчаны санап жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Камсыздандыруу төгүмү боюнча отчёт берүү мөөнөтү узартылды
Учурда уюмдун фондунда (уставдык капитал) 340 миллион сомдон ашык акча каражаты бар. Анын 270 миллиону өкмөт тарабынан берилсе, ал эми 70 миллионун уюм ишмердүүлүгүнүн негизинде топтогон. Мекеме бул жарандар турак жайын өз убагында камсыздандырса жардам бергенге толук мүмкүнчүлүк бар дегенди билдире турганын белгиледи.

Турак жайды камсыздандырбагандар жоопкерчиликке тартылабы? 

Турак жайды камсыздандыруу жарандардын милдети болуп саналат. Ошол эле учурда бул милдетти аткарбагандарга карата мыйзамда эч кандай жоопкерчилик каралган эмес. Бирок эгерде үй ээси өз мүлкүн камсыздандырбаган болсо жана ал үй табигый кырсыктан улам талкаланып калса, анда мамлекет тарабынан жабырлануучуга жардам берилбейт.

Кандай турак жайлар камсыздандырылбайт?

  • авариялык абалдагы;
  • ыйгарым укуктуу орган бузуу жөнүндө чечим кабыл алган турак жайлар;
  • милдеттенмелер боюнча өндүрүп алуу чегерилген;
  • жер тилкесинин алынып коюлушуна байланыштуу менчиктен ажыратылуучу үйлөрдө (курулуштарда) жайгашкан;
  • техникалык талаптарды бузуу менен курулган;
  • конфискацияланууга жаткан.

Ошондой эле турак жай аскердик, террордук, ар кандай көтөрүлүштөрдүн же дагы башка уруштардын натыйжасында талкаланса төлөм жүргүзүлбөйт. Камсыздандырылчу тизмеге кирбеген кырсыктардан улам жабыркаса же жарандар атайын бузса акча берилбейт.

Выдача пенсий в КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда пенсияга кимдер эрте чыгат? Категориялар
Камсыздандырууга төлөй турчу акча

Турак жайды камсыздандыруу үчүн шаар жергесинде жылына 1200 сомдон, айыл жергесинде 600 сомдон төлөөгө милдеттендирилген. Калктын социалдык аяр катмары, согуш ардагерлери, Чернобылдагы кырсыктын катышуучулары, майыптар жана жалгыз бой жашагандарга жеңилдик каралган.

Камсыздандыруу суммасы

Камсыздандыруу окуясы катталган учурда шаардыктар бир миллион сомго чейин алат, ал эми айыл жериндегилерге 500 миң сомго чейин берилет.

Камсыздандыруу окуясы катталгандан кийин кайсы документтер талап кылынат?

Жабырлануучу беш календардык күндөн кеч эмес убакытта камсыздандыруучуга окуя тууралуу билдирип, төмөнкү документтерди даярдоосу шарт:

  • камсыздандыруу полисинин көчүрмөсү;
  • камсыздандыруу окуясы жөнүндө акт;
  • компетенттүү мамлекеттик органдардын камсыздандыруу окуясынын болушун ырастаган документтери;
  • камсыздандырылуучунун паспортунун көчүрмөсү (жеке жак үчүн), уюштуруу документтери, каттоо жөнүндө күбөлүк жана өкүлгө берилген ишеним каттын түп нускасы (юридикалык жак үчүн).

Бирок мамлекеттик камсыздандыруу уюму республика боюнча турак жайлардын азынын гана техникалык паспорту бар экенин белгилейт. Андан тышкары, бул мыйзам социалдык долбоор болгондугуна байланыштуу турак жайды камсыздандырууда техникалык паспорту жокторду кадастрдык план, инвентардык иш кагазы жана айыл өкмөттүн справкалары менен камсыздандырса болорун белгиледи.

Документтер канча күндө каралат?

Бардык документтер алынган учурдан тартып отуз календардык күндүн ичинде каралат. Бул мөөнөттүн ичинде камсыздандыруучу жабырлануучуга каражат төлөй баштайт же баш тарткан билдирмени жөнөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0