Баткендеги чек аралаш айылдарга 314 млн. сом бөлүнгөн. Акча кайда жумшалды

© Sputnik / Эмиль СадыровТажикстан менен чек аралаш Максат айылындагы турак-жайлардын көрүнүшү. Архив
Тажикстан менен чек аралаш Максат айылындагы турак-жайлардын көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү боюнча чоң мамлекеттик программа бар экенин белгиледи.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргыз өкмөтү былтыр чек аралаш аймактарды өнүктүрүүгө 349 миллион сом жумшады. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2019-жылга карата өкмөттүн отчетун берип жатып билдирди.

Аталган сумманын 314,2 миллион сому Баткен облусуна бөлүнгөн. Өкмөт башчы чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү боюнча чоң мамлекеттик программа бар экенин белгиледи. 

“Мамлекеттик программаларды аткаруунун алкагында 137 миллион сом пландаштырылып, 23 иш-чара 129 миллион сомго аткарылды. Анын ичинде Кулунду — Арка автоунаа жолуна эки чакырым, Көк-Сай — Ак-Таш жолуна 7 чакырым асфальт төшөлдү. 30 миллион сомго Ак-Сай — Рават жолунун 25 чакырымы жасалды. Ворухту айланып өткөн Ак-Сай — Тамдык жолунун 12 чакырымына 70 миллион сомдук долбоор жасалууда. 50 миллион сомго Ак-Сайда 200 гектар жерге суу жеткирилүүдө. Ак-Турпак айыл аймагында суу жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү”, — деди Абылгазиев.

Мындан сырткары, төрт бала бакча, бир ФАП, бир спорт зал курулуп жатканын, жакында Ак-Сайдагы бир мектеп оңдоло турганын кошумчалады. Анын менен катар чек арага жакын айылдардын мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайлардан 161 гранттык орун берилген.

Ал эми өткөн жылы кыргыз-өзбек чек арасынын 23 чакырым жерине тикенектүү зым тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0