Карантинге үйдө шарты жоктор эмне кылышы керек? Министрликтин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы обсервация бөлүмү. Архив
Ооруканадагы обсервация бөлүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун алгоритмине ылайык, вирус жугузуп алгандар менен байланышта болгондор 14 күнгө обсервация жана үй карантинине алынышы керек.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өз үйүндө карантинде болууга шарты жок жарандар эмне кылса болорун саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда түшүндүрүп берди.

"Жарандарды үй карантинине жайгаштырууда анын жашаган жерин жана жашоо шарттарын карап чыгабыз. Жашоо шарты талапка жооп бербесе, обсервацияга жайгаштырылышы мүмкүн", — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, карантин 14 күнгө созулат.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1044кө жетти. Анын ичинен 726сы айыкса, 12 адам көз жумган.

Медициналык кызматкер жеке коопсуз каражаттарды кийип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакшы кабар! Акыркы суткада бир да медиктен коронавирус аныкталган жок
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0