Абылгазиев: ИИМ иштөө стилин өзгөртүп, элдин ишеними жогорулады

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык Кайгуул милициянын кызматкери. Архив
Бишкек шаардык Кайгуул милициянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы ИИМ көп жылдар бою жабык, резонанстуу, жарандар көбүрөөк нааразы болгон орган катары бааланып келгенин айтты.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстандын Статистика комитетинин жана эл аралык уюмдардын рейтинги боюнча, Ички иштер министрлигине элдин ишеними жогорулады. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте өкмөттүн 2019-жылга карата отчетун берип жатып билдирди.

Анын айтымында, ИИМ көп жылдар бою жабык, резонанстуу, жарандар көбүрөөк нааразы болгон орган катары бааланган. Ал эми былтыр элдин ишеними 4,7 пайызга өскөн.

"Бүгүн бул орган өзүнүн ишин, стилин таптакыр өзгөртүп, коомчулукка ачык боло баштады. Ага "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке кириши, санариптештирилген командалык борбор түзүлүп, бирдиктүү реестрлер, бирдиктүү терезелер, соттолгон-соттолбогону жана башкалар боюнча маалымат ала турган автоматташтырылган борборлордун ачылгандыгы себеп болду. Ошондой эле Туристтик жана Кайгуул милициянын түзүлгөнүн да айтуу керек. Ал жакка чет тилдерин билген жогорку билимдүү кадрлар конкурс аркылуу тандалып алынды", — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле Абылгазиев 2019-жылдын январь айынан тарта милиционерлердин маянасы 20-40 пайызга жогорулаганы түрткү болгонун кошумчалады. Жаңы кабыл алынган кодекстерге ылайык, каалаган учурда кылмыш ишин ачып же жаап коё албаган система дагы жемишин бергенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0