Каракол 2022-жылы КМШнын маданий борбору болушу ыктымал

© Sputnik / Табылды КадырбековСвято-Троицкая православная церковь в Караколе
Свято-Троицкая православная церковь в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 12-майда, ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков КМШ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин онлайн форматындагы жыйынына катышкан.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери 2022-жылы Кыргызстандын Каракол шаарын КМШнын маданий борбору кылып жарыялоо сунушун колдошту. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл жайкы эс алууга мыкты үч жердин катарына кирди. КМШ рейтинги
Кечээ, 12-майда, ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков КМШ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин онлайн форматындагы жыйынына катышкан.

Анда министрлер алдыда боло турчу КМШнын өлкө жана өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны жана анын күн тартибине басым жасашты. Онлайн-чогулушта КМШ өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары 2021-2030-жылдарга стратегиялык долбоорлорун, алардын ичинде жаштар боюнча кызматташтык, туризм, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү долбоорлорун жактырышты.

"Делегация жетекчилери Кыргызстандын 2022-жылы Каракол шаарын КМШнын маданий борбору деп жарыялоо сунушун колдошту", — деп айтылат билдирүүдө.

Кеңештин мүчөлөрү коопсуздукту камсыз кылуудагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди да карашкан. Анын ичинен аскердик кызматташуу жана КМШ өлкөлөрүнүн чек араларындагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу үчүн атайын бөлүктөрдү түзүү боюнча документтердин долбоорлору жактырылган.

"Айдарбеков коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө биргелешкен аракеттерди көрүү сунушун айтты. Ал кесиптештерине оор кырдаалга туш болгон кыргызстандык мигранттардын абалына көңүл буруп, аларга жардам, колдоо көрсөтүү суранычы менен кайрылды", — деп жазылган маалыматта.

Тышкы иштер министрлеринин кийинки жыйынын ушул жылдын 15-октябрында Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөрүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0