Муктаждарга төрт түлүк. Ат-Башыда акциянын арты менен 11 бүлө малдуу болду

© Фото / предаставлено Ат-Башинской райадминистрациейАкция помощи для малообеспеченных семей в Ат-Баши
Акция помощи для малообеспеченных семей в Ат-Баши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө 11 үй-бүлөгө 50 кой, бир тай берилген. Башкача айтканда, бир бүлөгө бештен кой тийген.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ат-Башы районунда "Муктаждарга төрт түлүк" аттуу акциянын арты менен райондо аз камсыз жашаган 11 үй-бүлө малдуу болду. Бул тууралуу Ат-Башынын акими Нурбек Сатаров билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени алгач өзү баштаган. Андан кийин жергиликтүү ишкерлер, жөнөкөй жарандар колдоп берген.

© Фото / предаставлено Ат-Башинской райадминистрациейАт-Башы районунда "Муктаждарга төрт түлүк" аттуу акциянын арты менен райондо аз камсыз жашаган 11 үй-бүлө малдуу болду
Ат-Башы районунда Муктаждарга төрт түлүк аттуу акциянын арты менен райондо аз камсыз жашаган 11 үй-бүлө малдуу болду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ат-Башы районунда "Муктаждарга төрт түлүк" аттуу акциянын арты менен райондо аз камсыз жашаган 11 үй-бүлө малдуу болду
© Фото / предаставлено Ат-Башинской райадминистрациейБул демилгени алгач өзү баштаган. Андан кийин жергиликтүү ишкерлер, жөнөкөй жарандар колдоп берген.
Бул демилгени алгач өзү баштаган. Андан кийин жергиликтүү ишкерлер, жөнөкөй жарандар колдоп берген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул демилгени алгач өзү баштаган. Андан кийин жергиликтүү ишкерлер, жөнөкөй жарандар колдоп берген.
1/2
Ат-Башы районунда "Муктаждарга төрт түлүк" аттуу акциянын арты менен райондо аз камсыз жашаган 11 үй-бүлө малдуу болду
2/2
Бул демилгени алгач өзү баштаган. Андан кийин жергиликтүү ишкерлер, жөнөкөй жарандар колдоп берген.
"Азыр көпчүлүгү эле гумжардам катары тамак-аш таратып жатат. Бирок азык-түлүк бат эле түгөнөт экен. Мындан улам биздин район муктаждарга мал берүүнү баштадык. Алгач райондун социалдык коргоо башкармалыгы сунуштаган аз камсыз бир үй-бүлөгө айлыгыман беш кой алып бердим. Андан кийин бул демилге уланып кетти. Бүгүнкү күндө 11 үй-бүлөгө 50 кой, бир тай берилди. Башкача айтканда, бир бүлөгө бештен кой тийди", — деди Сатаров.

Аким райондо акция азыркы учурда да уланып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0