Россиядагы мекендештерди кайтаруу үчүн бийлик кандай аракет көрүүдө

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПрибытие рейса из Анталии в Казань
Прибытие рейса из Анталии в Казань - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин берген маалыматы боюнча, ушу тапта 1500дөй КР жараны мекенге кайтууну көздөп жатат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik, Лев Рыжков. 17-майга 400 кыргызстандык учуп келчү Москва — Бишкек каттамы пландаштырылып жатат.

Бүгүн, шейшемби күнү, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдына 50дөй КР жараны чогулуп, мекенге кайтарууну талап кылган. Дипөкүлчүлүктүн кызматкерлери аталган рейс менен каалоочулардын баары кете албай турганын билдирди.

Түзүлгөн кырдаал боюнча элчилик түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, ушу тапта 1500дөй кыргызстандык мекенге кайтууну көздөп жатат.

Биринчи кезекте ким кетет?

Элчилик бүгүнкү күндө кошумча авиарейстерди уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатканын, азырынча 17-майга бир каттам пландаштырылганын айтты.

"Эки өлкөнүн элчилиги жана Транспорт министрликтери Москвадан Бишкекке бир каттам ачууга макулдашышты. Россиялыктар да Кыргызстандан өз жарандарын алып кетүүнү чечти", — деди элчиликтин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова.

Анын айтымында, алгач 200 орундуу кадимки учак тууралуу сөз болгон.

Медициналык беткапчан жүргүнчүлөр аэропорттун каттоо зонасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада мекенге кайтууну талап кылган кыргызстандыктар. Элчилик үн катты
"Биз "Аэрофлот" компаниясынан абалды туура түшүнүүнү, колунда билети бар көптөгөн кыргызстандык күтүп жатканын эске алууну өтүндүк. Натыйжада бизге 400 орундуу учак беришти", — деди маалымат катчы.

Азыр биринчи кезекте учуп кетчүлөрдүн тизмеси бекитилүүдө.

"Тизмени түзүү боюнча атайын комиссия түзүлдү. Анын курамына элчиликтин, ыкчам штабдын жана диаспора өкүлдөрү кирди. Алгач үйлөрүнө кош бойлуулар, оорулуулар жана кичинекей балдары барлар кетет. Орун аз болгондуктан баласы менен жок дегенде атасын же энесин кетирүү пландалган. Мындан сырткары улгайгандарга да артыкчылык берилет", — деди Байымбетова.

Күзөт кызматы кадимки тартипте

Элчиликтин кызматкерлери нааразы болгон адамдар менен байланышта болуп жатканына ишендиришти.

"Биз аларга чыгып, кырдаалды түшүндүрүп жатабыз. Ээ-жаа бербеген масса жок. Адамдар самолёттун учар маалын сурап жатышат, биз жооп берүүдөбүз. Өкүлчүлүктүн күзөт кызматы кадимки тартипте иштеп жатат", — деди маалымат катчы.

Коронавирус пандемиясынан улам Москвадан Бишкекке каттаган рейстердин баары токтотулган болчу. Бүгүнкү күндө Россиядан Кыргызстанга каттам бир айда бир гана жолу болууда. Акыркы ирет Москвадан Бишкекке учак 29-мартта, Новосибирскиден 22-апрелде учуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0